Аз калганда

Lyrics: Zarlyk Kambaraliev Music: Zarlyk Kambaraliev Бакытка бир аз калганда Жетпедик байкабадык Көптөрү кетирип алган Катаны кайталадык Бакытка бир аз калганда Сүйүүнү талкаладык Көптөрү жиберип алган Катаны кайталадык
Тагдырым кылбай калыстык Чырылдап бир топ алыштык Бир болуу жазбаса кантели Акыры жеңди алыстык
Өткөнгө кылчайып өкүнбөйм Мен сага болгону кечир дейм Экөөбүз өткөргөн күндөрдү Эч качан жаман деп өчүрбөйм
Канчалык жүрөгүм каалабасын Бир күнү бирөөгө жанашасың Ошондо сен мени ойлондуруп Ошондо жүрөктү канатасың Канчалык жүрөгүм каалабасын Бир күнү башканы каратасың Ошондо жүрөгүмдү канатасың
Бакытка бир аз калганда Жетпедик байкабадык Көптөрү кетирип алган Катаны кайталадык Бакытка бир аз калганда Сүйүүнү талкаладык Көптөрү жиберип алган Катаны кайталадык
Мейли тап, мейли жак, мейли тоготпо Арыңа сак бол, катуу бол болоттой Бул менин сен жөнүндө жаман уккум келбегени А мен болсо сага жаман сөздү жолотпойм Кара көзүм, акыркы сөзүм Бактылуу бол, Аман жүр, Кош бол
Бакытка бир аз калганда Жетпедик байкабадык Көптөрү кетирип алган Катаны кайталадык Бакытка бир аз калганда Сүйүүнү талкаладык Көптөрү жиберип алган Катаны кайталадык