Түтүн

Lyrics: Akylbek Abykanov Music: Baktybek uulu Daniyar Сөздөрүм мага гана тиешелүү Аңгемемди түшүнгөндөр түшүнөт Аз болсо дагы берекелүү Боло берсин ар бир өткөн мүнөт
Кайран балалыгым Көз ачып-жумганча жетилип чоңойдум Кайда баратамын? Керексиз адатымды кайрадан койбодум
Көкөлөйт көккө түтүн Өзгөргүм келди — өзгөрчү күн Өчпөгөн бар үмүтүм Өзгөргүм келди, өзгөрөйүн
Көкөлөйт көккө түтүн Өзгөргүм келди — өзгөрчү күн Өчпөгөн бар үмүтүм Өзгөргүм келди, өзгөрөйүн
Талашып, тартышып, адашып бир Жарашып, ажырашып — баары бир Сыртынан жалтырак, ичинен кир Душманым — өзүм, душманым — тил
Ичимдеги дартымды эч кимге айтпадым Тамашалап чын айтсам кээ бирине жакпады Убадасын бергендер кайтпады Кайтпады, дайнын айтпады
Бишкегим — кара түтүн Таңдар атып кайрадан батты күн Жашоодо баары түркүн Айтор Башоту — баары мүмкүн
Көкөлөйт көккө түтүн Өзгөргүм келди — өзгөрчү күн Өчпөгөн бар үмүтүм Өзгөргүм келди, өзгөрөйүн
Көкөлөйт көккө түтүн Өзгөргүм келди — өзгөрчү күн Өчпөгөн бар үмүтүм Өзгөргүм келди, өзгөрөйүн