Kun da chykty

Lyrics: Chyngyz Arzykulov Music: Chyngyz Arzykulov Күн да чыкты алтыным Күн да чыкты жаркыным Айтам баары жайында Жүрөктө жылуулук баары жайында
Күн да чыкты алтыным Күн да чыкты жаркыным Айтам баары жайында Жанымда сен болсоң баары жайында
Кыш узак болду суук болду үшүдүк го биз Боз күндөр өттү үмүттү такыр үзбөдүк биз Муздар эрип айлана жапжашыл түскө боёлду Ичимде жаткан таттуу сезимдер эми ойгонду Жаңы дем таза аба жашыл шибер кең аалам Сенин күлкүң эң чоң даба бакыт таптым мен сенден Көчөлөр жарык көңүлдөр көктө бийик секирет Биздин махабат жазгы жел менен кошо термелет
Күн Күн Күн Мына келди Күн Күн Күн Бизге келди Күн Күн Күн Нур төгүлдү Жашоо жапжашыл сонун көрүндү
Жамгырдан кийинки жыт тазалыкка суктанабыз Бул ааламда экөөбүз бирге гана нурланабыз Эски күндөр эсимде жок кайгы капа унутулду Сенин жылуу колуңдан бакыттын даамы туюлду Маанай сонун ичимде жазгы от күйөт Бул тагдыр бизди алтыным чындап сүйөт Жашыл шибер жылуу жел эстен кеткис көз ирмем Биз издеген бейишти таптык окшойт эзелтен
Күн да чыкты алтыным Күн да чыкты жаркыным Айтам баары жайында
Күн да чыкты алтыным Күн да чыкты жаркыным Айтам баары жайында Жанымда сен болсоң баары жайында