Айылдык кыз

Lyrics: Kalybek uulu Salamat Music: Jumabek uulu Nurbolot Ойгонуп турдум үй чачык Төбөдө күн чакчайып Күнүм окшош күндө ушундай Үй жумуштан ал тайып Түйүнчөктү түйүнүп анан баратамын Сүйүнүп сага досум тосуп алам дейт Дасторконун жайып мага Жоолугалы досум кургап турат озум Бышып калса козуң Казанга ас тосуп Түрлүү адам тегеректе бул калаадан тажадым Баратамын сага досум айтып берем калганын Бир жеңилдеп алайынчы айтып берем арманым Арманым арманым Таштан ташка секирип Атып жейли досум келчи кекилик Куржундагы илинген жарманы Жутуп кекирип анан айылдагы сулууну Көрүп бала куруду Тил оздон калып мен шилекейим чууруду Айылдык кыз Мени бир карап арбадыңыз Айылдык кыз Айланчыктатып байладыңыз Чыптаманы жамынган Чийбейт кашты абыдан Чыбык кармап уй айдап Чын денелүү карындаш Ойлор болду аралаш Сезимиме каралаш Эсим ооду бир көрүп Түшкөндөйго башка таш Чыкпайт түндө үйүнөн Чыгып калса сүйүнөм Үн чыгарбай бүгүлөм ай Терезеңдин түбүндө Атаң каарду көрүнүп Каштан каары төгүлүп Барып колун сурасам Кууп салбайбы сөгүнүп Жай чертилип фортепиано Сендей кызга жигит ай пиано Жакын барып айтсамбы же Чоң кыз сени чын i am te amo Айылдык кыз кара тору Жүрөгүм ах ооруп калды сен деп согуп Уктап жатып көрдүм сени Түшүмдү сен секет келип берчи жооруп Жөн кетпей ала кетейин Алдыңа эле кетейин Колуңду кармап үйүмө Шамалдан ылдам жетейин Айылдык кыз Мени бир карап арбадыңыз Айылдык кыз Айланчыктатып байладыңыз