Lyrics: Zhusup Turusbekov Music: Roman Asanbaev/Dilshod Nosirov/Atai Ogonbaev Жайдын бир гана толук ай кезинде, ай Адырлуу гана тоонун ай бетинде Сан гүлдөн тандап бирди үзгөн, ай Жайдары гана селки, ай эсимде
Өзүмдү гана сага берем деп ай Өмүрдүн гана гүлүн ай терем деп Сүйлөшкөн күндөр ай эсимде ай Турмуштун гана сыры ай тереңдеп
Жайдын бир гана толук ай кезинде, ай Адырлуу гана тоонун ай бетинде Сан гүлдөн тандап бирди үзгөн, ай Жайдары гана селки, ай эсимде
Антыңды гана ойлоп ай таңдагы ай Көңүлүм гана сенден ай калбады Азыркы шайыр жаштардын ай Өзүңдөй гана болсун ай алганы