Lyrics: TalantO
Music: TalantO
Гүлдөр уктайт шүдүрүмдү жамынып
Түндөр уктайт чолпон жылдыз тагынып
Гирпигимден шүдүрүмдү сыдырып
Мен уктабайм түндө сени сагынып
Гирпигимден шүдүрүмдү сыдырып
Мен уктабайм түндө сени сагынып
Мен таарынам бирок мага таарнба
Мен сагынам жаным мени сагынба
Сезимдердин сересине чыгаарда
Сен кабылба мен кабылган тагдырга
Сезимдердин сересине чыгаарда
Сен кабылба мен кабылган тагдырга
Окубачы ыйлап жазган катымды
Сен гөрбөчү гөздөн аккан жашымды
Мен сүйүүнүн кай жеринен жаңылдым
Карагаттай гөздөрүңдү сагындым
Мен сүйүүнүн кай жеринен жаңылдым
Карагаттай гөздөрүңдү сагындым
Мен уктабайм түндө сени сагынып